Ылай

Википедия дан

Ылай, баткак – суу түбүндөгү эң майда бүртүкчөлүү жумшак илээшкек чөкмө, тунма. Арасында өлчөмү 0,01 ммден майда бүртүкчөлөр 30–35%тей болот. Табигый абалында илээшкек түрүндө болуп, кургаганда катууланат. Ылай негизинен деңиз жана континенттердеги көлмөлөрдүн түбүндө топтолуп, тоотектердин талкаландыларынан (терриген, чопо, акиташ ылайы), деңиз жандыктарынын калдыктарынан (глобигерин, диатом, радиолярий ылайы) пайда болот.

Ылай эл чарбасында, медицинада кеңири пайдаланылат.

Энчилүү ат катары да кездешет, мис., Ылайталаа (Каракулжа р-ндагы кыштак) ж. б

Колдонулган булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]