Ылама (лама)

Википедия дан
Тибет бурканчылыгындагы монгол ламасы

Ылама (тибетче лама) - Тибет бурканчылыгындагы кечил. "Манас" эпосунда кезигет. Моңгол тилдеринен кыргыз тилине көчүп киргендеги өзгөргөн түрү. Кыргыз тилинде "л" тыбышы менен башталган сөзгө үндүү тыбыш кошулуп айтылгандыктан "лама" сөзү "ылама" болуп өзгөрүп кеткен.

тибет бурканчылыгындагы лама

"Манас" эпосунда Ылама адам аты катары да жоолугат. Ал Эсенкандын баатыры болуп Манаска каршы согушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Манас энциклопедиясы: Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы, 2т., 1995, - Б. Ярупа