Ымыркайлардын гемолиз оорусу

Википедия дан

Ымыркайлардын гемолиз оорусу — эне менен түйүлдүктүн канынын резус-фактору же кан топторунун сыйышпастыгынан пайда болуучу оору.

Кездешкен учурлар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул оору көпчүлүк учурда бир үйбүлөдө төрөлгөн балдарда кездешет. Эгерде резус-фактору жок (резус-терс) кош бойлуу аялда түйүлдүк атасынын оң резус-факторун алса эненин канында резус-факторго каршы заттар пайда болуп, алар баланын тону аркылуу өтүп, түйүлдүктүн, кийин ымыркайдын канындагы эритроцитти бузат (гемолиз). Ошондон улам аз кандуулук пайда болуп, билирубин пигменти топтолот. Көбүнчө оору 2—3жана андан кийинки бойго бүткөн балада байкалат, себеби резус-факторго каршы заттар (антителолор) бойго бүткөн сайын (аборттон кийин да) улам кийинкисинде көбөйөт. Кээде оору эне менен баланын кан топтору туура келбегендигинен да болот. Мындан сырткары оору резус-терс кандуу эне жаш кезинде ооруп калып, резус-оң кан менен дарылаганда да пайда болушу ыктымал. Гемолиз менен ооруган ымыркайлар негизинен өз убактысында жана салмагы жакшы болуп төрөлөт.

Түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ымыркайлардын гемолиз оорусунун 3 түрү бар:

  1. тубаса аз кандуулук,
  2. ак шишик (бала өлүү төрөлөт же төрөлгөндөн кийин бат эле өлөт),
  3. сарык.

Көбүнчө оорунун сарык түрү кезигет. Ал төрөлгөндөн 1—2 күндөн кийин башталат, билирубин улам көбөйүп, бүт дене саргарат. Билирубин уу болгондуктан өтө көбөйсө мээни жабыркатат. Андыктан тез чара көрүлбөсө баланын абалы кескин начарлайт, шалдырайт, эмчекти начар эмет, кээде тырышат. Ымыркайдын териси тез эле күрөң тартып, анын заарасы кочкул күрөң болот. Баланын денесинде кичинекей майда кан куюлган тактар пайда болот; ымыркай тез-тез кусат. Мындай ымыркайларга тез медициналык жардам көрсөтүү зарыл, себеби оору күчөп, нерв системага катуу зыян келтирет, айрыкча мээнин ар түрдүү ооруларына дуушарлантат. # нун тубаса ак шишигинде бала өлүү төрөлөт же төрөлгөндөн кийин бат эле өлөт. Мындай балдардын териси бозоруп, айрым учурда саргарып турат. Аз кандуулук жана ак шишиктен жүрөктүн иши начарлап бала майып болот. Азыркы кездеги дарылоо ыкмалары бул оорудаң ымыркайлардын өлүмүн азайтты. Билирубин көбөйгөн оор түрүндө 1—2-суткада канды алмаштыруу жакшы натыйжа берет. Ошондой эле 2 жума бөлөк эненин саалган сүтү берилүүгө тийиш, себеби ал кезде эненин сүтүндө резус-антителолор болот.

Оорунун алдын алууда кош бойлуу аялдын канын анализдеп, резус-фактору терс аялдар каттоого алынып, резус-антителолорго анализ жасалат. Канда антителолор пайда болсо (же саны өссө) дарылоо жүргүзүлөт. Резусфактору терс аялдар 1-жолу кош бойлуу болгондо аборт жасатууга болбойт.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8