Ырыспай Чекиров

Википедия дан

Чекиров Ырыспай- (1941,12-июль,Тон району Темир-Канат)Кыргыз ССРнин жогорку советинин депутаты, Кыргыз Республикасынын ардактуу инсаны.

Омур жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1941-жылы 12-июлда карапайым дыйкандын уй-булоосундо туулган. Атасы Чекир  дыйкан,

апасы Батма ; чоорду абдан жакшы черткен деп айтат. Кичине чагынан жоош, эмгекчил болуп осуп, мергенчилик менен алектенген  бирок,мектепте окууну каалаган эмес. Бала кезинде тушуно аксакал адам келип,“Балам, комузду жерге койбогун, кол ойното чертип жур” деп колуна оруктон комуз берген экен, туш коруп жаткан маалда элирип туруп ,комуз черткенсигенин Батма эне коруптур,эртеси апасы Ырыспайды айылдагы  Абдиев Жапар деген онорлуу комузчуга алып барып,тарбия беруусун отунот. Чыйрак, тетик Ырыспай комуз чертуу  искусствосун бат эле оздоштуруп кеткен экен “Комуз чертпесем бир нерсем жетпей, журогум музыка деп тургандай  сезилет. Эгер маданиятка жакындап, онорумду колдонуп,окусам азыркы залкар комузчулардын катарына кошулмак белем,ким билет, тоо-ташты аралап,мал багып журуп албадыкпы”.

1959-жылы  18-жашында Сулайманова Турат апабызга уйлонуп, бир жыл отпостон,  короо козусу менен жайлоого кочуп барып, камын коруп, торт жылы этке тогуп, так толоп тургандыгынан Райондук Советке депутат шайланат “Жунду он эки килограммдан мамлекетке откоруп турар элек, ар бир ириктин этин “мясокомбинатка” жетимиш килограммдан берчубуз” дейт созундо байбичеси Турат апа. Ырыспай ата: “Байбичем кошо жарышып,мени менен мал багып тургандыгына мен ушул даражага жеткем”. 1960-жылы 12-августта биринчи кызы Атыркул туулат “Арчалыда суук мезгил эле бирок, азыр эстесем туруктуу экенбиз, эч нерсе болбогондой тороп алдым”. 1962-жылы 5-январда уулу Замирбек жарык дуйного келет. Бир жыл откон сон 25-сентабрда жайлоодо мал багып журуп, Анаркул аттуу кыздуу болушат.

1967-жылы 7-чакырылышында  Кыргыз АССРнин Жогорку Советинин депутаты болгон. Депутаттык жылдарда   Кок-Сай, Жер-Уй,Тогуз-Булак, Темир-Канат сыяктуу айылдарда таза суусу жок болгондуктан, “наказ” менен  суу чыгарып берген.  1970-жылы Москвадагы 16-съездине катышкан. Ошол съезде “Мал чарбасынын отличниги” наамын  алган.1970-жылы ашууда суук тийип,катуу ооруп калган. 1972-жылы Ырыспай атабыздын буйругу менен салынып жаткан орто мектеп курулуп бутот. Азыркы учурда мектеп Тилеков Кулуке атында. Экинчи шайланышында  оорусу катуу кучоп, ишин уланта албай калган.Бирок, ага карабастан он жылдан ашык  мал багып, олкого чон салымын кошуп келишкен. Азыркы учурда ардактуу пенсионер , он бир баланын атасы.Байбичеси “Баатыр Эне” наамынынын ээси.

Балдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуу кызы Чекирова Атыркул Кыргыз Республикасынын эмгек синирген доктуру, невропотолог.

Улуу уулу  Замир орто билимдуу. Чекирова Анаркул жеке ишкер эле. Дагы бир кызы Чекирова Алмагул музыкант, комузчу, пианист. Чекирова Майрамкул жеке ишкер, туризм боюнча иш алып келет. Экинчи уулу Чекиров Акжолтой жеке ишкер, архитектор,Омурбек фермер, Нурлан чет элдик бизнесмендер менен иш жургузот, жеке ишкер.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Эмгек Кызыл-Туу” ордени

“Ардак белгиси” ордени

“Социалистик эмгектин баатыры”

Темир-Канат айылынын ардактуу атуулу ” грамотасы,ордени.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Тарыхта калган издер” китеби.