Ытык

Википедия дан

Ытык - Чыгыш Алайдагы жер-суусунун аты. Терек кырка тоосундагы бийик кырдуу чоку, тоо (4767м) жана андан башталган суу (Кок суунун сол куймасы Карабелдин бир тармагы) Ытык деп аталат. Девондун акиташ теги, кумдук, филлит, серициттүү жана хлотиттүү сланец тоо тектеринен турат. Көбүнчө аска таштуу жылаңач ландшафтмүнөздүү. Адабиятта, карталарда Итик, Ытык түрүндө жазылып жүрөт. Туурасы – Ытык, Байыркы түрк тилинде ibug, азыркы сибирдин түрк элдеринде ыдык (тува), ызых (жакут, саха), ыйык (кыргыз)-ыйык ,керемет, азиз деген маанини берет.