Эгей-шыгай

Википедия дан

Эгей-шыгай — баатырдык күч жагынан бири-биринен кем калбаган, төп келген, баары бирдей, орой көз-чарай, жалпы, бардык деген маанилерди туюндуруучу сөз. "Манас" эпосто да ушул мааниде жолугат. «Эл жыйылып калганы, Эгей-шыгай көй төрө Манасты ортого алганы» (Сагымбай Орозбаков, 3. 155). «Эгей-шыгай кандарга Кагазын сунду булайтып (Сагымбай Орозбаков, 4. 35), «Эгей-шыгай көй баатыр Эр Көкчө жыйып алган го» (Сагымбай Орозбаков, 2. 256).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4