Эгинчиев, Бектемир

Википедия дан
Эгинчиев Бектемир

Эгинчиев Бектемир (1916–1964) - обончу, ырчы, комузчу, актер Эгинчиев Бектемир Кемин районунун Көк-Ойрок жайлоосунун Айтымбет деген жеринде 1916-жылы туулган.

Эмгек жолун 1936-жылы Токмоктогу колхоз-совхоз театрында артист болуп иштөөдөн баштаган.

“Токтогул” пьесасында Токтогулдун, “Жаңыл Мырза” пьесасында Түлкү баатырдын ролдорун аткарган.

Ал 1942–1959-жж. Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеп, «Айнагүл», «Балажан», «Алымкан», «Ак бермет», «Күлгүн жаш», «Сайран күү», ж.б. обондорун жараткан.

Ал элдик күүлөрдү да аткарып, комузчулар ансамблине активдүү катышкан. Анын ырлары комузда, оркестрдин коштоосунда аткарылган.

1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасына катышкан.

Ал 40тан ашык обон жаратып, обондору республиканын аймагында жана андан тышкары коңшулаш элдерге да белгилүү болгон.

Автордун “Айнагүл” аттуу ырлар жыйнагы 1969-жылы “Мектеп” басмасынан композитор Б.В.Фефермандын түзүүсүндө, музыка таануучу Б.Алагушовдун баш сөзү менен жарык көргөн.

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардак грамотасы, медалдар менен сыйланган. Анын аялы Какишева Бурулча балдары Барчын, Аман.

Аткарылып жүргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ырлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Айнагүл» сөзү О.Асановдуку
  • «Балажан» сөзү Ш.Бейшеналиевдики
  • “Батмажан” сөзү А.Бердибаевдики
  • “Акишим” сөзү К.Акиевдики
  • «Алымкан» сөзү Т.Сатылгановдуку
  • “Кош Ала-Тоо уулуң кетти майданга” с. Ж.Бөкөнбаевдики
  • «Бозойдун сүйгөнү» сөзү Ш.Шеркуловдуку
  • «Арзыкан» с. Ш.Шеркуловдуку
  • «Колхозчу кызга» сөзү Т.Тыныбековдуку
  • «Сайран күү» сөзү Ж.Бөкөнбаевдики
  • «Саламы ушул сайранын» с. Ж.Бөкөнбаевдики ж.б.

Дисктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алымкан (Т.Сатылганов) – М Өмүрканова, Күлгүн жаш (Ж.Бөкөнбаев) – Б.Эгинчиев, Айнагүл (О.Асанов) – О.Асанов, Балажан (Ш.Бейшеналиев) – Г.Ваулиулина. Кыргыз ырларынын антологиясы, МОНО М 3035853 005.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Республикасынын обончулары.Маалымдама/Кыргызпатент/ Түз.: А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: Кыргызпатент, 2010. – ISBN 978-9967-26-120-4