Эдигеев Акмат

Википедия дан

Эдигеев Акмат - 1900-жылы азыркы Сузак районундагы Октябрь кыштагында туулган.

  • Атасы Эдигенин аракети менен арабча тамга таанып, сабаты жоюлган.
  • Кийин орусча билим алып, атасы репрессияга дуушар болуп, атылып кеткенден кийин, куугуитукгалгаңдан оолак болуш үчүн Базар-Коргонго көчүп кеткен. Орусча жаза да сүйлөй да билген, сабаттуу адам болгондуктан, Базар-Коргондо райфин отделдин жетекчиси болуп иштеп турган.
  • 1941-жылы согушка кетип, 1945-жылы кайтып келген.
  • Согуштан да бир топ медалдарды алып келген.
  • Андан кийин Ачы районунда аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген.
  • Көп өтпөй эле НКВДнын кызматкери болуп которулган.
  • Пенсияга чыкканга чейин Акман айылдык кенешинин төрагасы болуп иштеп келген.
  • 1964-жылы 2-февралда каза болгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3