Эжигей

Википедия дан

Эжигей - кой-эчкинин сүтүнөн даярдалчу тамак.

Козунун таза жуулган жумуруна койдун уузу жылуу кезинде куюлуп, эки-үч күн көлөкөдө кургатылып, натыйжада эжигейдин уюткусу даярдалат. Уютку жылуу сүткө аралаштырылып, сүт уюган соң, ал кашыкка жукпай калганча кайнатылат. Кайнап жатканда эжигей түбүнө тартылып, күйүп кетпес үчүн казандын түбүнө чий же чыбык салынат.

Сүттүн сары суусу соолуп, өңү ак-саргыч тартып коюлганда кайнатуу токтотулуп, эжигей даяр болот. Эжигейден курут да кургатылат, кээде эт менен бирге бышырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.