Эйзенахчылар

Википедия дан

Эйзенахчылар - жалпы германиялык жумушчулардын 1869-ж. августта Эйзенах шаарында өткөн съездинде А. Бебель жана В. Либкнехттин жетекчилиги менен түзүлгөн Германия социал-демократтык жумушчу партиясынын мүчөлөрү.

Эйзенахчылардын программасы негизинен 1-интернационалдын революциячыл принциптерине таянып түзүлгөн. Уставда көрсөтүлгөндөй партия демократиялык нейтрализм принцибинин негизинде курултай. Эйзенахчылар эл аралык жумушчу кыймылында 1-Интернационалдын революциячыл багытын колдоп, андагы марксчыл тараптын таянычы болгон. Эйзенахчылар Германиянын революциячыл жол менен биригишин колдоп, полициялык-милитаритеттик режимге каршы күрөшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.