Альберт Эйнштейн

Википедия дан
Эйнштейн, Алберт‎»‎ барагынан багытталды)
Алберт Эйнштейн
Алберт Эйнштейн 1921-жылы.
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Алберт Эйнштейн
Туулган жылы: 1879-жыл 14-жалган куран (март) айы
Туулган жери: Улм жергеси, Вүртемберг падышалыгы, Германия дөөлөтү
Өлгөн жери:' Принстон, Нью-Жерси, АКШ
Өлгөн жылы: 1955-жыл 19-чын куран (апрел) айы
Өлкө:
Илимий ишмердүүлүгү: Физика. Так илимдер
Ишмердүүлүгү: Физик окумуштуу
Альма-матер: Цүрих университети, Швейцария
Илимий жетекчиси: Генрих Фридрих Вебер (Heinrich Friedrich Weber)
Белгилүү окуучулары:
  • Эрнст Г.Штрос (Ernst G. Straus)
  • Натан Розен
Сыйлыктары: Физика тармагындагы Нобел сыйлыгы (1921-жыл)

Альберт Эйнштейн (англ. Albert Einstein, айтылышы: Айнштайн; немис тилинде айтылышы: [ˈalbɛɐ̯t ˈaɪnʃtaɪn]; 1879-жылы 14-март – 1955-жылы 18-апрель) — немис физик-теоретиги, салыштырмалуулук теориясынын жана ошондой эле мейкиндик, мезгил, кыймыл, жарык, зат жана тартылуу жөнүндөгү түшүнүктөргө жаңы мазмун берип физикалык теорияларды ачкан XX кылымдын улуу окумуштуусу.

Эйнштейн заманбап физиканын эки (кванта механика менен бирге) негизги тирөөлөрү болгон бирисини - салыштырмалуулук теориясын иштеп чыгарган. Эйнштендин эмгеги илим философиясына таасирин тийгизгени менен таанымал. Эйнштейн көпчүлүккө өзүнүн E = mc2 ("Дүйнө жүзүндөгү эң белгилүү теңдеме" деп аталган) энергия менен массанын тең күчтүүлүк теңдемеси менен белгилүү. 1921-жылы ал кванта теориясынын өнүгүүсүнүн негизги баскычы болгон "теориялык физикага кошкон салымы, жана айрыкча фотоэлектрдик таасиринин мыйзамын ачканы үчүн" физика жаатындагы "Нобель" сыйлыгына ээ болгон.

Илимий изилдөөлөрүнүн баштапкы баскычтарында, Эйнштейн Нүтондун механикасы классикалык механика менен электромагнит талаасынын мыйзамдарын жараштыруу үчүн жетиштүү болбогондугун билдирген. Бул ой Эйнштейн 1902-1909-жылдар арасы швейцариялык патент кеңсесинде Бернде (Швейцария) жүргөн кезинде өзүнүн атайын салыштырмалуулук теориясын изилдөөгө алып келген. Ошентсе да, Эйнштейн, салыштырмалуулуктун негизги жобосун гравитация талаасына да таратуу мүмкүндүгүн ойлоп 1916-жылы кийин чыккан гравитациялык теориясы менен ал жалпы салыштырмалуулук жөнүндө макала жазган. Окумуштуу бөлүкчө теориясы жана молекулалардын кыймыл аракеттеринин себептерине жооп берген статистикалык механика менен кванта теориясынын суроолорун изилдөөнү уланткан. Ал ошондой эле жарыктын фотон теориясынын негизин түзгөн жарыктын жылуулук касиеттерин изилдеген. 1917-жылы Эйнштейн өзүнүн жалпы салыштырмалуулук теориясын ааламдын ири түзүлүшүнүн үлгүлөөсүндө колдонгон.

1895-1914-жылдар арасы окумуштуу Швейцарияда (бир жыл Прагада жашаганындан тышкары, 1911-12-жылдары) жашаган жана 1900-жылы, Цүрихте Швейцариянын федерациялык политехникалык (кийин: Eidgenössische Technische Hochschule, ETH (кырг. Швейцариянын техникалык жогорку мектеби)) окуу жайынан академиялык диплом алып чыккан. Кийин, 1912-1914-жылдар арасы, Берлинге кетээринен мурун ал өзү окуган окуу жайында физик-теоретик профессору катары иштеген. 1901-жылы, беш жыл бою жарандуулугу жок адам болгон Эйнштен, швейцариялык жарандуулукка ээ болуп Швейцарияда жашап калган. 1905-жылы Цүрик университети Эйнштейнге жогорку илимдик даражасын ыйгарган. Ошол эле жылы, Эйнштейн үчүн эң маанилүү болгон жылы, 26 жашында, өзүнө академиялык дүйнөнүн көңүлүн буруп берген төрт новатордук макала жазып чыгарган.

1933-жылы бийликке келген Адольф Гитлердин заманында, АКШда жүргөн Берлиндин илимий академиясынын профессору Эйнштейн, жөөт болгонунан улам Германияга кайткан жок. Ал 1940-жылы АКШнын жарандуулугун алып ошол жерде жашап калган. Экинчи дүйнөлүк согуштан мурун, ал президент Франклин Д. Рузвельтке кат жазган, анда окумуштуу "бомбанын өтө күчтүү жаңы түрүн" жакшыртуусунун мүмкүн болгондугун алдына ала эскертип АКШга ушул сыяктуу аракеттерди жасоону сунуш кылган. Акырында бул сунушу Манхэттен долбооруна айланган. Эйнштейн Гитлерге каршы биримдикти колдосо дагы жаңы чыгарылган өзөктүк бөлүнүүнү курал катары колдонуу ойду айыптаган. Кийинчирээк, британиялык философ Бертран Рассел менен бирге окумушту өзөктүк куралдардын коркунучтуулугун белгилеген Рассел-Эйнштейн манифестине кол койгон. Эйнштейн Принстондогу (Нү-Жерси) Перспективалуу изилдөөлөрдүн институту менен өлүмүнө чейин (1955-жыл) биргелешип иштеген.

Эйнштейн 300 илимий жана 150 илимге тийешелүү болбогон макалаларды жазып чыгарган. Окумуштуунун интеллектуалдык жетишкендиктери жана өзгөчөлүүлүгү улам "гений" сөзүнө маани жагынан окшош "Эйнштейн" термини пайда болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Альберт Эйнштейн 1879-жылы 14-мартта Германия мамлекетинде Дунайдын сол жээгиндеги Улм жергесинде туулган.

9 жашка чыкканда ата-энеси аны Мюнхендеги католиктик даярдоо мектебинен, кийин гимназиядан окутушкан. Кийин Араудагы кантоналдык мектепти бүтүрүп келип, политехникалык институттун математика жана физика мугалимдерин даярдоочу педагогикалык бөлүмүнө экзаменсиз кабыл алынат. Студент болгондон кийин илимге болгон кызыгуусу артып, бир нече курстарга жазылып катыша баштайт.

Улуу философтордун, физиктердин илимий эмгектери менен кеңири таанышат, окуудан бүт убактысын химиялык кабинеттин лабораториясында өткөрөт. 1900-жылы ал институтту эң жакшы деген баалар менен бүтөт. Бирок, туруктуу иш таба албай көпкө кыйналат.

Германиядагы фашисттик террордун айынан А. Эйнштейн өз өлкесүнен кетүүгө мажбур болуп АКШдагы Пристонду мекендеп калат.

Ал 1955-жылы дүйнөдөн кайткан.

Эмгеги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошол убакта Берлинден чыгуучу «Физиканын анналдары» деген журналга анын теориялык физика боюнча макалалары жарыялана баштайт.

1902-жылдан баштап Берлиндеги патенттик бюродо референт болуп иштеп жүрүп, Европадагы физика жана математика боюнча жаңы эмгектер, ачылыштар менен "таанышат, бул ага жакшы таасир берет.

1905-жылы жазган «Броун кыймылдары» деген эмгегинде молекулалардын жана алардын кыймылдарынын реалдуулугунун аныктыгын далилдеген.Ошол эле жылы фотондор теориясын жана салыштырмалуулуктун атайын теориясын иштеп чыгат жана аны 1916-жылы формулага салган.1933-40-жылдары окумуштуу талаанын гравитациялык жана башка физикалык талаалардын жаратылышын түшүндүрүүчү бирдиктүү теорияны иштеп чыгууга аракеттенген. Анын эмгектери азыркы физика менен техниканын ажырагыс бөлүгүн түзөт. Атомдук энергияны согуштук максатка пайдаланууга чечкиндүү каршы чыккан.

Сыйлыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окумуштуу дүйнөнүн көптөгөн академиясынын жана илимий коомдорунун мүчөсү, Нобель сыйлыгынын лауреаты (1921), СССР Илимдер Академиясынын ардактуу мүчөсү (1927) болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Эйнштейн Альберт // Кыргыз Совет Энциклопедиясы. - Ф., 1980. -т. 6. - Б. 508;
  • ТОКТОМУШЕВ А. Улуу ачылыштын уу-дуусу // Нуска. - 1995. - нояб. - № 6. - Б. 2-8;
  • Альберт Эйнштейн // Эл агартуу. -1979. -№ 3. - Б. 62-63.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]