Нобель сыйлыгы

Wikipedia дан
Нобель сыйлыгы

Нобель сыйлыгы- жыл сайын берилүүчү эл аралык сыйлык. Ал швед инженер-химиги, ойлоп-тапкыч жана ө.ж. ээси Нобель Альфред Бернхард тарабынан белгиленген.

Сыйлыктын келип чыгышы[оңдоо]

Нобельдин керээзи боюнча калган казынасынан Нобель фондусу түзүлгөн (31 миллиондон ашык швед крону); бул каражат акцияга, заёмго жана облигацияга айландырылып, алардан түшкөн киреше тептеӊ бешке бөлүнөт да, Нобель сыйлыгы катары физика, химия, физиология же медицина жана адабият жаатындагы мыкты эмгек авторлоруна жана тынчтык чыӊдоого эмгеги өткөндөргө берилет. 1968- жылы Швециянын мамлекеттик банкы өзүнүн 300- жылдык тоюнда Нобелдин урматына жыл сайын экономика илим жаатына да берилчү сыйлык бекитти. Нобель сыйлыгы Альфред Нобелдин сүрөтү бар алтын медаль, диплом жана акчадан (30- 70 миӊ доллар) турат.

Сыйлыкты ыйгаруу тартиби[оңдоо]

Нобель сыйлыгын ыйгаруу А.Нобельдин керээзине ылайык Стокгольмдогу Король ИАга (физика, химия, экономика боюнча), Король Каролин мед.- хирургия институтуна (физиология же медицина боюнча) жана Швед академиясына (адабият боюнча), Норвегия парламентинин Нобель комитетине (тынчтыкты чындоо иши боюнча) тапшырылган. Нобель сыйлыгы кандидаттардын расасына, улутуна, динине жана жынысына карабастан ыйгарылат. Нобель сыйлыгынын тынчтыкты чындагандарга берилчүсүнөн башкасы бир кишиге бир гана жолу берилет. Өтө баалуу ийгилик жаратышканы үчүн М.Склодовская-Кюри (1903, 1911), Л.Полинг (1956, 1972) гана эки мертебе берилген. Кандидаттар жеке адамдар гана (Нобель сыйлыгынын лауреаттары) тарабынан көрсөтүлүп, кийинки жылдын 1-февралына чейин тийиштүү комитеттерге жиберилет. Көрсөтүлгөн иштерди талкулоо жана аларга добуш берүү өтө жашырын өтөт. Басма сөзгө Нобель сыйлыгын ыйгаруу жөнүндөгү чечим менен мотивировка гана жарыяланат. Даттануулар чечимге таасир тийгизе албайт жана чечим жоюлбайт. Нобель сыйлыгын тапшыруу салтанаты 10- декабрда, Нобель каза болгон күнү, Стокгольм менен Ослодо өткөрүлөт. Салт боюнча Швед королу Стокгольмдо лауреаттарга алтын медаль тапшырат, ал эми Норвегия королу Ослодо салтанатка катышып отурат. Нобель сыйлыгынын жаӊы лауреаты алты ай аралыгында Стокгольмдо же Ослодо өз тематикасы боюнча популяр лекция окууга тийиш. Нобель сыйлыгы 1901- жылдан бериле баштаган. 1978- жылга чейин 340тан ашуун адамга ыйгарылган.

Нобель сыйлыгынын атактуу лауреаттары[оңдоо]

Нобель сыйлыгынын атактуу лауреаттары: В.Рентген (1901), М.Планк (1918), А.Эйнштейн (1921), Н.Бор (1922), П.Дирак, Э.Шрёдингер (1933), Ф.Ферми (1938), М.А.Шолохов (1965) ж.б.

Колдонулган адабият[оңдоо]

«Кыргыз Совет энциклопедиясы», 4- бөлүм (Л-П), 424- бет, Фрунзе 1979- жыл.