Химия

Википедия дан

Химия – табият таануу областынын (илимдеринин) бир тармагы, химиялык элементтердин жана алардын бирикмелеринин курамын, касиеттерин, түзүлүштөрүн, о. эле алардын айланыштарын (химиялык реакцияларды) окуп үйрөнүүчү илим. Химия органикалык эмес, органикалык, физикалык, аналитикалык болуп бөлүнөт.

Химия башка илимдер менен байланышып: биологиялык химия (биохимия), геологиялык химия (геохимия), агрохимия, космохимия ж.б. сыяктуу илимдин чектеш тармактарынын бөлүктөрүн түзөт. Химиялык илимдин ж-а техниканын өркүндөшү, эл чарбасынын техникалык жактан өрчүшүндө чоң роль ойногон химиялык өндүрүштүн интенсивдүү өрчүшүнө алып келет. Мектепте химия - окуу предмети катары кирген, ал заттар, алардын составы, түзүлүшү, касиеттери жана айланыштары жөнүндө мазмунду камтыйт.

Химиянын мектептин окуу планына киргизилишинин себеби өндүрүштүн талаптарынын жана ХVIII кылымдын аягында жана ХIХ к. башындагы өндүрүштүн өзгөрүш шарттарында табият таануунун дүркүрөп өрчүшүнө байланыштуу болгон. ХIХ кылымдын орто ченинде химия атайын окуу жайларында, кийинчерээк жалпы билим, ХХ кылымдын башында негизги капиталистик өлкөлөрдө (Англия, Франция, Германия, Австралия) бардык орто окуу жайларына киргизилген.

Химия орто мектептин окуу предметтери менен катар окуучуларды инсан катары калыптандырат. Мектептин химия курсу окуучуларды илимдин негиздери менен тааныштырат, б. а.,

  • окуучулардын негизги химиялык закондорду, теорияларды, түшүнүктөрдү аң сезимдүү өздөштүрүүсүн камсыз кылат, химия илиминин методдору м-н тааныштырат;
  • дүйнөгө илимий көз карашты калыптандырат, о. э. химиялык билим ар бир адамга зарыл болгон маданияттын милдеттүү элементи экендигин түшүндүрөт;
  • акыл эмгегине, адеп-ахлактуулукка, предметти сүйүүгө, жаратылышка сарамжалдуу мамиле кылууга, кайра өзгөртүүгө илимдин мүмкүнчүлүктөрүнө сый мамиленин жалпы адамзаттык баалуулуктардын приоритетин түшүнүүгө тарбиялайт;
  • окуучулардын ой жүгүртүүсүн, билимди өздөштүрүүдөгү алардын өз алдынчалыгын, чыгармачыл активдүүлүгүн өнүктүрөт, түрдүү окуу иш-аракеттерине үйрөтөт;
  • эл чарбасын химиялаштыруунун негизги тармактары, курчап турган айлана-чөйрөдөгү чындыктагы химиянын мааниси м-н тааныштырууну камсыз кылат, хемофобияны жеңүүгө көмөктөшөт;
  • практикалык билгичтик жана көндүмдөрдү калыптандырат, кесипти аң сезимдүү тандоого көмөк берет, даярдайт.

Химия коомдук жашоосунда чоң мааниге ээ. Химиянын жетишкендиктери болбосо, космостук мейкиндикти өздөштүрүү, атомдун энергиясын тынчтык максатында колдонуу мүмкүн болмок эмес. Эл чарбасынын баардык тармактарында учурдагы химиянын жетишкендиктерин толук колдонуу менен арзан, сапаттуу өндүрүш каражаттарын, эл керектеген буюмдарды өндүрүү мүмкүн. Учурдагы коомдук орчундуу актуалдык ж-а келечектүү проблемаларын чечүүдө химия чоң ролду ойнойт. Алар төмөнкүлөр: 1) айыл-чарба продуктуларынын түшүмдүүлүгүн жогорулатууда жасалма жер семирткичтердин эффективдүүлүгүн жогорулатуу; 2) сырьелордун океандык булактарын өздөштүрүү; 3) энергиянын жаңы булактарын иштеп чыгуу, түзүү; 4) негизги биохимиялык процесстердин механизмдерин жактоо; келечектин техникалык милдеттерин чечүү; 5) жаңы заттарды, композицияларды синтездөө; 6) айлана-чөйрөнү коргоо.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6