Эки-Чат коргошун кени

Википедия дан

Эки-Чат коргошун кени Ысык-Көл облусунун Түп районунда, Каракол ш–нан чыгыш тарапта, Экичат суусунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 2400–2750 м бийиктикте. 1951–59-ж. чалгындалган. Кен аймагы Таш-Көмүр мезгилинин конгломерат, гравелит, кумдук, алевролит, акиташ, гипс жана чополуу гипстен турган катмарлардан түзүлгөн. Руда тулкулары акиташ катмары менен байланышкан. Алардын узундугу 460 м, орточо калыңдыгы 3,08 м. Негизги руда минералы – галенит. Рудадагы коргошундун өлчөмү 3,26–4,48%, күмүштүкү – 13,25 г/т. Руданын запасы В+С1+С2 категориясы боюнча 4187 миң т, коргошундуку – 153200 т, күмүштүкү – 55,5 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]