Эксперттик систем

Википедия дан

Эксперттик систем (Expert system - Экспертная система) кээде билимдер системи деп аталып, адам эксперттин ой жүгүртүүсүн жана чечимдерди кабыл алуу процессин моделдеген компьютерлештирилген систем болуп саналат.
Эксперттик системдердин практикада кеңири колдонулганы автомобиль өндүргөн Форд компаниясы машинени оңдоо проблемдериндеги диагноздоодо дилерлерге жардам берүү максатында ишке ашырылган. Эксперттик системге чейин машине проблеми жолукканда дилерлер Мичиган менен байланышып, ал жерден Форддун мотор боюнча эксперти менен сүйлөшүп проблемдерди чечишкен.
Азыр болсо компьютердик эксперттик систем машиненин бузулган жерин табууда эксперттердин милдетин аткарат. Эксперттик системдерди мекеменин каалагандай деңгелинде колдонсо болот, ушул убакытка чейин башкарганга катышпаган кызматкерлер чечим кабыл алуу менен байланышкан иштерге колдонуп келишет. Эксперттик системдер, ошондой эле, оорулууну диагноздоо, мунай издөө жана тамактарды түзүү сыяктуу ар түрдүү маселелерде ийгиликтүү колдонулууда.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]