Экспромт (адабият)

Википедия дан

Экспромт (лат.– даяр, бир шилтем) – Акындар, жазуучулар тарабынан алдын-ала эч кандай даярдыгы жок жазылган, айтылган, көбүнчө тамаша мүнөзүндөгү чакан ырлар, учкул сөздөр, тамашалуу жооптор. А. Токомбаев, К. Маликов, Т. Үмөталиев, Б. Сарногоев ж. б. акындар экспромтторду жазышкан. Мисалы,
Адамга керек нерсенин,
Кымбаты аба, анан суу.
Аларды арбын жараткан,
Жаратылыш акылдуу.
Сандыкка сактап акчасын,
Сары чай ичкен тамагы,
Сараңдар кантип күн көрмөк,
Саттырса сууну, абаны?..

(Б. Сарногоев)

Эркин формада жазылган анча чоң эмес формадагы музыкалык чыгарма.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]