Электр металлургия

Википедия дан

Электр металлургияметаллургиянын электр тогунун жардамы менен металлдарды жана куймаларды алуу жана тазалоо процессин камтыган тармагы.

Негизинен, өтө активдүү металлдарды - щелочтуу, щелочтуу жер жана алюминийди, ошондой эле легирленген болотту алууда пайдаланылат. Электр металлургияда электр-термиялык (мис., электр мештеринде болот эритүү) жана электрхимиялык процесстер жүргүзүлөт. Электр-термиялык процессте электр энергиясынан алынган технологиялык жылуулук менен кенташтан жана кондентраттан металл бөлүнүп алынат, кара жана түстүү металлдар өндүрүлүп, алардын куймалары ж. б. жасалат. Электр-химиялык процессте электр энергиясынын жардамы менен окистенүү-калыбына келүү реакциясын жүргүзүү аркылуу кара жана түстүү металлдар өндүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4