Электр обочолоткуч

Википедия дан

Электр обочолоткуч, электр изоляциялоочу материал - электр каршылыгы чоң материалдар.

Ал электр жабдууларда, радиотехникалык аппаратурада ж. б. ток жүрүүчү өткөргүчтөрдү жана түйүндөрдү потенциалы ар кандай башка түйүн, тетиктерден электрдик ажыратуу үчүн, ошондой эле электрондук техниканын элементтеринде диэлектрик катары колдонулат. Электр обочолоткуч агрегаттык абалы, химиялык курамы, алуу ыкмалары ж. б. белгилери боюнча бир нече класска бөлүнөт. Агрегаттык абалдагы материалдар катуу, суюк жана газ сымал, химиялык курамы боюнча органикалык жана органикалык эмес болуп айырмаланат. Катуу Электр обочолоткучка органикалык (чайыр, пластмасса, парафин, битум, картон, кагаз, жыгач) жана органикалык эмес (слюда, айнек, карапа), суюк Электр обочолоткуч нефть, өсүмдүк, синтездик ж. б. майлар, органикалык суюктуктар; газ абалындагы Электр обочолоткуч ка аба, элегаз (оор газ), фреон21 кирет. Органикалык синтездөө жолу менен алынган Электр обочолоткуч кеңири тараган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4