Мазмунга өтүү

Электр эсептегич

Википедия дан

Электр эсептегич - өзгөрмө же туруктуу токтун тизмегиндеги электр энергиясынын чыгымдалышын өлчөгүч прибор.

Электр эсептегич индукциялык, электр-динамикалык, ферродинамикалык, магнит-электрдик жана электролит системасындагы иштөөчү болуп бөлүнөт. Иштөө принциби кыймылдуу жана кыймылсыз бөлүктөрүнүн өз ара аракеттеншнине негизделген. Электр эсептегичтин кыймылдуу бөлүгү ток өткөндө айланып, айлануу ылдамдыгы эсептегич чоңдуктун кубаттуулугуна пропорциялаш болот. Кыймылдуу бөлүктүн огуна алюминий диски орнотулуп, ал туруктуу магнит талаасында айланып турат. Электр энергиясын белгилүү бирдикте көрсөтүш үчүн 1 кВш-ска туура келген дисктин айлануу санын эсептегич механизм каптап турат. Өзгөрмө токтун активдүү жана реактивдүү электр энергиясын эсептөөдө бир фазалуу индукциялык (батирлердеги), үч фазалуу индукциялык (электр станцияда, көмөк станцияда, өнөр жай ишканаларында) Электр эсептегичтер, туруктуу токтун энергиясын эсептөөдө (мис., электрлештирилген т. ж. транспортунда, электролиз орнотмолорунда, үйлөрдө заманбап акылдуу эсептегичтер ж. б.) электр-динамикалык, ферродинамикалык, магнит-электрдик жана электролит системасындагы Электр эсептегичтер колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4