Эл аралык жеке укук

Википедия дан

Эл аралык жеке укук ― эларалык мүнөзгө ээ (чет элдик элемент) жарандык-укуктук мамилелерди жөнгө салуучу укук ченемдеринин татаал комплекси. Чет элдик элемент аларга чет элдиктердин, чет өлкөлүк юридикалык жактардын жана мамлекеттин катышуусунан көрүнүүсү мүмкүн; алар 2 же андан көп мамлекеттердин аймактары менен байланышкан; алардын укук мамилелеринин объектиси чет элде жайгашкан буюм болот. «Жарандык-укук мамилелери» деген түшүнүк Э. ж. у-та өзгөчө мааниге ээ болот: бул мүлктүк жана ага байланыштуу мүлктүк эмес мамилелер эле эмес, ошондой эле үйбүлөлүк, эмгектик жана процесстик укук ченемдери менен жөнгө салынуучу мамилелер дагы. Э. ж. у-нун булактары-ички мыйзам актылары жана эларалык келишимдер. Э. ж. у-нун негизги милдети эки укук тартибинин ортосундагы коллизияларды (кагылышууларды) чечүү болуп саналат, ошондуктан Э. ж. у-нун басымдуу бөлүгүн тигил же бул мамилелерге карата кайсы мамлекеттин укугу пайдаланылуусу керектигин көрсөткөн коллизиялык ченемдери түзөт. Дагы бир бөлүгүн түз аракеттеги, түздөнтүз эларалык мүнөздөгү жарандык-укуктук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдер түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]