Эл аралык космос бекети

Википедия дан

Эл аралык космос бекети, кыск. ЭКБ (англ. International Space Station, кыск. ISS) - көп максаттуу космос изилдөө комплекси катары колдонулган орбиталдык башкарылуучу бекет. ЭКБ - төмөнкү 14 өлкө катышкан биргелешкен долбоор: АКШ, Орусия, Жапония, Канада жана ЕБ космос агенттигине кирген Белгия, Германия, Дания, Испания, Италия, Голландия, Норвегия, Франция, Швейцария, Швеция. Башында катышуучулардын курамында Бразилия жана Улуу Британия да болгон.

ЭКБ Королевдогу Космос учууларын башкаруу борборунан - Орусия сегменти, Хүстондогу Линдон Жонс атындагы Учууларды башкаруу борборунан - АКШ сегмети менен башкарылат. Европанын "Колумбус" жана Япониянын "Кибо" лабораториялык модулдарын Европа космос агенттиги (Германия, Оберпфаффенхофен) менен Жапониянын аэрокосмос изилдөөлөрү агенттиги көзөмөлдөйт. (Жапония, Цукуба ш. ) Борборлор ортосунда тынымсыз маалымат алмашуу жүрүп турат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]