Эл чыгармачылыгы

Википедия дан

Эл чыгармачылыгы, эл өнөрү - эмгекчи элдин көркөм чыгармачылык ишмердиги; эл жараткан жана эл арасына кеңири тараган поэзия, музыка, театр, бий, архитектура, жасалга-колдонмо өнөрү.

Коллективдүү көркөм чыгармачылыкта эл өзүнүн эмгегин, тиричилигин, каада-салт, диний үрп-адатын, ошондой эле жаратылышы менен турмуштагы ар кандай көрүнүштөрдү чагылдырган. Коомдук-эмгектик тажрыйбада калыптанган Эл чыгармачылыгында калктын идеалы, мүдөөсү, поэтикалык кыялы, сезимталдыгы, көңүл түйшүгү, эзүүгө каршы айбаты, адилеттик менен бакытка умтулушу, эңсөөсү камтылган. Эл массасынын эзелтен берки тажрыйбасына каныккан Эл чыгармачылыгы дүйнөнү терең көркөмдүктө өздөштүргөнү, образдардын чындыгы, чыгармачылык жалпылоонун мыктылыгы менен айырмаланат. Эл чыгармачылыгындагы бай образдар, темалар, мотивдер, формалар жеке жана коллективдүү көркөм чыгармачылыктын татаал диалект биримдигинде пайда болот. Эл жеке устаттар, чеберлер тапкан башталмаларды кылымдар бою өркүндөтүп отурат. Эл чыгармачылыгынын негизги белгиси - анын түрлөрүнүн тарамдалбай жогорку көркөм биримдикте болушу.

Эл чыгармачылыгынын туундулары менен тажрыйбасы укумдан тукумга өтүп келген. Эл чыгармачылыгы - дүйнөлүк көркөм маданияттын тарыхый өзөгү. Анын алгачкы принциптери, салттуу формалары, түрлөрү, ал тургай образдары байыркы тапсыз коомдо эле пайда болгон. Адамзаттын социалдык өнүгүшү, ташык коомдун калыптанышы, эмгектин бөлүнүшү менен акырындап профессионал искусство бөлүнө баштайт. Бири биринен алыс турган элдерде да Эл чыгармачылыгы тиричиликтеги жалпылыкка жана өз ара карым-катышка байланыштуу көп жагынан окшош болот.

Ошентсе да Эл чыгармачылыгы кылымдар бою ар элдин улуттук турмушу менен маданиятынын өзгөчөлүгүн сактап, улуттук маданияттын казыналык милдетин аткарып келген. Бул Эл чыгармачылыгынын күчүн жана дүйнөлүк искусствого тийгизген таасирин аныктады. Буга Ф. Рабле, У. Шекспир, A. С. Пушкин, Н.А. Некрасов, П. Брейгель, М. И,Глинка, М. П. Мусоргскийдин чыгармалары мисал. Элдик поэтикалык чыгармачылык - элдин көркөм сөз өнөрү, жомокчулук, чечендик, акындык өнөр, фольклор. Көркөм сөз өнөрү коллективдүү болгону менен , жеке таланттардын (мис., кыргызда Токтогул, армянда Саят-Нова) активдүү таасири жокко чыгарышбайт. Кыргыз элинде Эл чыгармачылыгынын ичинен көркөм сөз өнөрү бакшы орунда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.