Эмгекке жарамсыздык

Википедия дан

Эмгекке жарамсыздык — саламаттыгына, жашына байланыштуу жана башкалар мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда эмгектенүүгө жарамсыз абал.

Эмгекке жарамсыздык туруктуу (узак) жана убактылуу болуп бөлүнөт. Эмгекке жарамдуулукту толук же узакка жоготуу инвалиддик болуп эсептелет. Эмгекке жарамдуулукту убактылуу жоготуу толук же жарым жартылай болуп, мында эмгекке жөндөмдүүлүк кыска мөөнөттө калыбына келиши мүмкүн. Эмгекке жарамдуулукту убактылуу толук жоготкондо айрым жумушка жөндөмдүүлүк жоголуп, оорукчан атайын режимге (үйдө, төшөктө жатуу) муктаж болот. Эмгекке жөндөмдүүлүктү жарым-жартылай жоготкондо оорукчан өзүнүн кадимки жумушун аткара албайт, бирок ден соолугуна зыян келтирбестен башка жумушту аткара алат. Убактылуу Эмгекке жарамсыздыкты врач аныктап. оорулууга эмгекке жарамсыздык баракчасы, жумуштан же окуудан бошотуу үчүн справка берилет. Эмгекке жарамсыздыктын негизги себеби — оору же өндүрүштө, тиричиликте кырсыкка учуроо. Оорунун таасиринен болгон Эмгекке жарамсыздык көбүрөөк кездешет. Эмгекке жарамсыздык үзгүлтүксүз 4 же 5 айга созулуп, андан кийин тыныгып, жалпысынан 1 жылга созулса, анда дарылоо мекемеси оорукчанды врачтык-эмгек экспертиза комиссиясына жиберет. Эмгектен майып болгондорго жана кесип ооруларына Эмгекке жарамсыздык баракчасы толук айыкканга чейин же башка ооруга байланыштуу инвалиддигинин тобу кайрадан каралганга чейин бериле берет. Өндүрүштө болгон кырсыктан келип чыккан Эмгекке жарамсыздыкта мекеменин же ишкананын администрациясы кырсыктын убактысын, кайсы жерде болгонун, себебин толук көрсөтүп акт жазат жана ага эмгекке жарамдуулукту жоготкон биринчи күндөн тартып кайра калыбына келгенге чейин Эмгекке жарамсыздык баракчасы берилет. Турмуш-тиричиликте болгон кырсыкта Эмгекке жарамсыздык баракчасы 6-күндөн башталат, ал эми биринчи 5 күнү жумуштан бошотуу справкасы берилет. Боюнда бар аялдар төрөткө чейин (56 күн) жана төрөттөн кийин (56 күн) кызматчы, жумушчу, колхозчу аялдар эмгек стажына карабастан төлөнүүчү отпускага чыгат. Ал эми боюнда бар убакта же төрөт убагында кабылдоо болсо же эки же андан көп бала төрөлсө төрөттөн кийинки отпуска 70 күнгө чейин узартылат.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8