Энтомоздор

Википедия дан

Энтомоздор (гр. entoma - курт-кумурска) - малдын мите чымын-чиркейлер пайда кылуучу ылаңдары.

Энтомоздор ылаңдарына жылкы жана эшек гастрофилёзу (ылаңды окуранын личинкалары козгойт), уйдун гиподерматозу, түндүк бугунун эдемагенозу, эчкинин кривеллиозу, койдун эстрозу ж. б. Энтомоздор малды алсыздандырат жана өлүмгө учуратат. Ылаңды вет. энтомология изилдейт. Энтомоздор мал чарбасы жана тери-булгаары өнөр жайына көп зыян келтирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4