Энцефалит

Wikipedia дан
Мээнин жана анын кабыктарынын бир бөлүгүнүн схемалык берилиши (жара кесилген); 1— баш сөөгүнүн төбөсү; 2—4—мээ кабыктары (2—катуу, 3— тор сымал, 4— жумшак кабык); 5,6— мээ (5— мээ кыртышы, 6— ак зат). Энцефалитте мээнин кыртышы жана ак заты жабыркайт.

Энцефалитвирус, бактерия жана башкалар микроорганизмдер козгоочу же уу заттардан уулануудан -пайда болгон мээнин сезгенүү оорусу. Анын биринчилик жана экинчилик түрү бар. Биринчилик энцефалит мээге ар түрдүү вирустардын киришинен пайда болот жана табиятта алардын табигый очогу болгондугу менен байланыштуу. Аларга эпидемиялык, кене, чиркей энцефалити кирет.

Козгогуч тууралуу[оңдоо]

Энцефалиттин козгогучу мээге кан аркылуу жетет. Ошондой эле биринчилик энцефалитке травмадан, химиялык заттар менен уулануудан келип чыккан энцефалит кирет. Эпидемиялык энцефалитти козгоочу вирустун булагы — кээ бир кемирүүчүлөр, уй, эчки жана айрым куштар. Алдын ала эмдөөдөн өтпөгөн кишилер кене энцефалити менен ылаңдаган малдын канына тойгон кене чакса же ылаңдуу малдын сүтүн ичкенде оорушу мүмкүн. Чиркей энцефалитинин вирусун чиркей кишинин канын соргондо ташыйт. Оору көбүнчө катуу кармап, оорулуунун температурасы көтөрүлөт, башы айланып ооруйт, алсырайт, кээде кусат, уйку басат, кээде уйку качышы да мүмкүн. Энцефалитке чалдыккан киши же таза айыгып кетет, же көп жылдар бою оорунун залдары калып, буту-колунун алы кетет, титирейт, басканы да өзгөрүлөт, шал болот.

Дарылоо[оңдоо]

Дарылоосу энцефалиттин түрүнө жараша ооруканада гана жүргүзүлөт. Бул ооруга чалдыккан киши өз убагында врачка кайрылышы керек. Эгерде ооруганда ошол замат дарыланбаса оору паркинсонизмге өтүп кетиши мүмкүн. Анда дарылоо өтө кыйын болуп калат. Энцефалиттин алдын алууда токойдо иштеген адамдарга (геолог, мергенчи, токойчулар жана башкалар) алдын ала эмдөө жүргүзүлөт. Кене чакпас үчүн коргонуучу кийим кийип, бетке атайын тор каптап, дем алуу учурунда же иш бүткөндө кийимдеги же теридеги жабышкан кенелерди жоготуу керек. Чиркейден сактануу үчүн да ошондой кийим кийүү, териге репеленттерди (чиркейди жыты менен жолотпоочу дарылар) сыйпоо зарыл.
Энтеровирустук энцефалиттин алдын алуусу ичеги-карын ооруларынын алдын алуу сыяктуу эле жүргүзүлөт.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8