Эпизотук тег (адабият)

Википедия дан

Эпикалык тег, эпостук тек – көркөм адабияттагы үч тектин бири. Адамдын ички сезимин билдирүүчү лирикалык тектен жана сахнада адамдардын өз ара сүйлөшүүлөрүнөн куралган драмалык тектен айырмалап, окуяларды жана алардын өнүгүшүн, каармандардын ар кандай иш-аракеттерин, адамдардын бири-бири менен болгон мамилелерин баяндоо түрүндө жазган ар кандай жанрдагы чыгармаларды жалпысынан эпикалык (эпостук) текке киргизебиз. Эпикалык чыгармаларда түзүлгөн образдарда кандайдыр бир, башталышы жана бүтүүсү бар белгилүү мезгилдеги адамдын мүнөзү ачылат. Эпикалык тектин чакан формаларында ( аңгеме, новелла, очерк, тамсил, легенда, миф) аз гана учурдагы кыска эпизод сүрөттөлсө, орточо формасында – (повесть, эпикалык поэмалар) бир кыйла кеңири жана татаал турмуштук кырдаалдагы окуялар баяндалат. Эпикалык тектин чоң формасында – (эпос, роман) бир нече окуялардын системасы, мүнөзү ачылган бир канча каармандардын өз ара мамилелери баяндалат. Эпикалык текте окуянын жүрүшү автор тарабынан шарттуу түрдө алынган баяндоочу тарабынан, же болбосо каармандар тарабынан баяндалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]