Эпилог (адабият)

Википедия дан

Эпилог'''(гр. – соңку сөз) – негизги окуя баяндалып бүткөн соң каармандардын кийинки тагдыры жөнүндө, же ошол окуянын кийинки айрым жыйынтыктары жөнүндө автордун баяндоосу. Бул термин Байыркы Грек театр өнөрүнөн алынган. Анда драмалык чыгарма коюлуп бүткөндөн кийин, ошол баяндалган окуялар жөнүндө түшүнүк беришип, мына ушул бөлүктү эпилог дешкен. Азыркы маанисинде эпилог бардык эле чыгармаларда кездеше бербейт, айрым зарыл деп эсептелген учурда гана авторлор чыгармасынын аягына эпилог беришет. Мисалы, А. Токомбаев «Жараланган жүрөк» повестинин эпилогунда Тарпаңбай менен Гүланданын сүйүүсүнүн кийинки окуялары жөнүндө маалымат берсе, У. Абдукаимов «Майдан» романында эпилог катары каармандардын (Качыке, Искендер) кийинки тагдыры билдирилип, согуштун аякташын кабарлаган Кыдырбектин Берметке жазган каты пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]