Эсенжанова Сабира
Appearance
Эсенжанова Сабира (1927, Кишен айылы - 1995, Сарысөгөт айылы) - коомдук ишмер; Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.
- Бишкектеги медицина окуу жайын (1947), Ташкендеги профсоюздардын жогорку мектебин (1953) бүткөн.
- 1947-53-ж. Аксы районунун Аксуу айылындагы медициналык пунктта,
- 1953-60-ж. Ош облустук медицина кызматкерлердин профсоюздук комитетинин төрайымы,
- 1960- 66-ж. партиялык кызматтарда, 1966-75-ж. Кадамжай райондук эл депутаттар кеңешинин төрайымы,
- 1975-85-ж. Ош облустук кесиптик-техникалык окуу жайлар башкармалыгын жетектеген.
- Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5