Эстониянын Президенти

Википедия дан
Эстон Республикасынын Президенти
эст. Eesti Vabariigi President

Кызматты ээлеген
Алан Карис
11-октябрь 2021-жылдан тарта
Расмий резиденциясы

Кадриоргдогу президенттик сарай

Талапкерди сунуштоо

Рийгикогунун мүчөлөрү же шайлоо коллегиясынын мүчөлөрү тарабынан шайланат

Дайындалган мөөнөтү

5 жыл, 2 мөөнөттөн ашык эмес

Майанасы

300$

Кызматтын пайда болгону

24-апрель 1938-жыл

Кызматтын биринчи ыйгарылганы

Константин Пятс

Кызматтын акыркы ыйгарыганы

Алан Карис

Сайты

http://www.president.ee/

Эстон Республикасынын Президенти (эст. Eesti Vabariigi President) — Эстон Республикасынын башчысы.

1992-жылдагы Баш Мыйзамга (Мыйзамтизмеге) ылайык, Эстония мажлистик республика болуп саналат. Натыйжада, мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары негизинен чектелген, ал аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин системасына кирбейт жана негизинен өкүлчүлүк жана формалдуу функцияларды аткаруучу символикалык фигура болуп саналат.

Президент эч кандай саясий партиянын мүчөсү боло албайт жана башка шайлануучу же дайындалган кызматты ээлей албайт. Бул чектөөлөр президенттин өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда көз карандысыздыгын жана саясий калыстыгын камсыз кылууга багытталган.

Республиканын Президенти мажлисте же атайын шайлоо коллегиясында шайланат (талапкерлердин эч кимиси үч турда Риигиконун мыйзамтизмелик курамынын үчтөн экисинин зарыл болгон көпчүлүгүн ала албаса). Президент беш жылдык мөөнөткө шайланат, бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык Президент болуп шайлана албайт.