Эс алуу

Wikipedia дан

Эс алуу — адамдын чарчаганын жоготуп, ишке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүчү иш-аракеттер же тынч абал.
Адамдын окуу, өндүрүш жана башкалар иш-аракетинде эмгек менен эс алуу тыкыс байланыштуу. Жетишсиз эс алуу чарчоого, ал эми узак убакыт жетишсиз эс алуу өтө чарчап-чаалыгууга алып келип, дененин коргонуу күчүн азайтат жана ар кандай оорулардын келип чыгышына, эмгекке жарамдуулукту төмөндөтүүгө же жоготууга түрткү берет. Эмгек менен эс алуунун туура айкалышы узак убакытка чейин ден соолукту жана эмгекке жарамдуулукту сактоого өбөлгө түзөт. Эс алуу мезгилинде клетка өзүнүн демейдеги составын калыбына келтирет. Дененин эс алуусунда уйку чоң роль ойнойт, ал убакта тынымсыз калыбына келүү процесси биринчи иретте мээнин клеткаларында жүрөт. Эмгек менен эс алуунун дайыма айкалышып турушу кишинин жүрүш-турушунун жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнүн негизи болгон шарттуу рефлекстерди чыңдоого көмөк берет. Активдүү эс алуу организмге пайдалуу. Белгилүү физиолог И. М. Сеченов өтө чарчаган бир колдун жумушка жөндөмдүүлүгү эки кол тең кыймылсыз эс алганга караганда мурда иштебеген колду иштеткенде тез жана толук өз калыбына келерин далилдеген. Иш убагында жумуш бир булчуң тобунан же бир нече нерв борборунан экинчисине ооштурулса чарчаган мүчөнүн ишмердиги тез эле өз калыбына келет. Бир жумуштан экинчи жумушка өтүү, акыл эмгеги менен жеңил кара жумуштун айкалышы чарчоо сезимин четтетет. Эс алуунун туура режимин тандоо көп факторлорго, айтсак эмгек шартына, кишинин жашына жараша түзүлөт. Биздин өлкөнүн эмгекчилеринин эс алуусуна мамлекет жана коомдук уюмдар камкордук көрөт.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8