Этика

Wikipedia дан

Этика(грек. ethika(ἠθικόν), ethos-адат, салт, каада) – изилдөө объекти болуп мораль эсептелинген философиялык илиминин бир булагы.
1. Философиялык этика кишинин кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму жөнүндөгү философия окуу, идеология калыптарын бири.
2. Адеп, сылыктык, тартип ченеми.

Этика – байыркы теоретикалык илимдердин бири, философиянын бөлүгү катары кул ээлөөчүлүк коомдун калыптануусунда пайда болгон. Адеп-ахлак жөнүндө окутууну белгилөө үчүн этика терминин ойчул Аристотель биринчи болуп киргизген. Адеп-ахлактык этика коомдо пайда болгон жана ага активдүү түрдө таасир берген коомдун өнүгүшүн чагылдырган, коомдук аң-сезимдин бир калыпы болуп саналат. Этиканын максатына адамдын жашоосунда пайда болгон адеп-ахлак көйгөйлөрүн чечүү да кирет. Этика илиминин негизги көйгөйү – жамандык менен жакшылык көйгөйү.

Этиканын жалпы кабыл алган аныктамасы[оңдоо]

Этика боюнча окумуштуулардын изилдөөлөрү жетишерлик көп болгону менен жалпы кабыл алынган аныктамалар аз эле. Окумуштуулардын жалпылаган материалдары боюнча:
«Этика – бул коомдук кызыкчылыктын бийиктигин моюнга алган, коомдук жана инсандык кызыкчылыктардын гармониялык, же карама-каршы теңдиги. Обьективдүү муктаждыкктан улам моралдык талаптар жалпыдан индивидге карай болот жана ар бир индивид коомдун кызыкчылыгы менен жашайт».
Этика - жаратылыш программасыбы?

Каркыралардын учканын байкадыңар беле?
Кимдир бирөө асманда түз үч бурчтук тартып койгондой, миңдеген километр жолдон тайбай, башчысын ээрчип кете беришет. Алардын эч бири башкалардан калып, өз аралын издөө аракетин жасабайт. Себеби, бөтөн жерде жашап кетүү үчүн жаратылыш инстинкти аларга ушундай программа берген.

Карышкырларды байкасаңар, алар кышта гана жалгыздап жанын багышат, кыйын мезгилде үйүр-үйүр болуп чогулушат. Аңчылар бу мезгилде алардын бирдиктүү аракетеринин бийик уюшкандыгын байкашат. Ууга чыккан карышкырлар «милдеттерин» так бөлүштүрүшөт. Оттоп жүргөн бугуларды тапканда, жырткычтар үйүрүнүн көбү бугулар баскан чыйырларды аңдышат, ал эми калганы бугуларга кол салат. Үркүп, бугулар көнгөн чыйырлары менен качат. Ошондо бугуп жаткан калган карышкырлардын кезеги келет. Карышкырлардын мындай «өндүрүштүк куулугу» жаратылышынанбы? Же тамак таап, күн көрүү тажрыйбасынанбы? Эмнеси болсо да, айрым карышкырлардын аракети менен үйүрдүн жамааттык аракети жалпы үйүрдүн керектөөсүнөн келип чыкканы факт бойдон калууда.

Жаратылыш таанууда сүт эмүүчүлөрдүн көбү коомдошуп жашайт жана алардын ар бири кандайдыр бир миледттерди аткарышат. Ошондой милдеттердин эң маанилүүсү – башчы болуу милдети. Бул милдетти ким алса, ал жалпы үйүрдүн коопсуздугу үчүн жооп берет. Коомдун чабал мүчөлөрүн коргойт, татаал кырдаалдан чыгуу жолдорун издеп, табат. Мындай кызматка ээ болуу оңой эмес. Бул «кызматты» атаандаштары менен болгон оор таймашуудан жеңип алгандар гана ээлей алат. Адатта, мындай «кызматка» үйүйрдүн эң карыясы жана эң күчтүүсү гана эмес, эң тажрыйбалуусу келет. Эми үйүр түп оту менен буга баш ийет. Эмнеге? Себеби, жаратылыш өзү ушундай программа берген.

Ал эми маймылдар башкалардан өзгөчө. Алар балдарын абдан жакшы көргөндүгү, жакшылык кылгындарды унутпагандыгы, кыйын акыбалга туш болгондорду куткаруу, жетим калгандарды коргоо, душмандарынан качып баратып, жарадар болгондорун гана эмес, мерт болгондорун кошо ала кетүүсү менен өзгөчөлөнүшөт. Эң кызыгы - тартип бузгандарга чара көргөндөрү. Тентек балдарын укпагандыгы үчүн чымчып, тээп, кээде жаакка да чабышат. Тартипсиз чоңдорду тиштеп, урушат. Ал эми чектен чыккандарды, башчыдан оолактатып коюшат. Ошентип, жаныбарлар дүйнөсү биологиялык түр катары өзүн-өзү сактоо үчүн жүрүм-турумдун кошумча регулятору (жөнгө салуучусу) бар факт катары каралат.

Тиричиликке маанилүү аракеттердин бирдиктүүлүгү тиги, же бу биологиялык түрдүн жашоо шарты катары жаратылыш тарабынан программаланат. Ал шарттардын иштөө механизми биологиялык түрдүн өсүүсү менен кошо өнүгүүгө жөндөмдүү.




Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004