Этнодемография

Википедия дан

Этнодемография - (гр. ethnoc - эл, demos - эл, geapho - жазамын) - этностордун табыгий өсүү өзгөчөлүктөрүн, алардын сан жагынан өсүү-кемүү кыймылын изилдөөчү илим.

Этнодемография негизинен этностук статистиканын материалдарына таянат, эл каттоонун материалдары, этнографиялык, социологиялык, социалдык-психологиялык изилдөөлөрдүн натыйжаларын окуп-үйрөтөт. Этнодемографиянын калыптанышына демографиялык абалдын, көпчүлүк учурда калктын өзгөчөлөнгөн кулк-мүнөзү, салттары менен өз ара байланышы, ошондой эле, бир катар демографиялык процесстерди жана этнографиялык материалдарды кылдат жана кенен пайдалануу алып келген. Бул илим - өзгөчө, адам баласы жашаган коомдогу төрөлүүнү изилдөөдө өтө маанилүү. Этнодемография дүйнөнүн ар кайсыл бөлүктөрүндө жашаган калктардын жана айрым элдердин жыныстык жактан жетишүү курагын, үйлөнгөнгө чейинки мамилелешүү салттарын, эркектер менен аялдардын салттагы никелешү курагын, никелешүү шарттарын жана никенин негизги формаларын эске алат.

Этнодемографиянын милдетине ошондой эле тигил же бул элдин өнүгүшүндө пайда болгон жана диний талаптар менен байланышкан жекече малыматтарды, социалдык салттарды изилдөө да кирет. Өлүм- житимди изилдөөдө этнодемография оору факторлорунун этностук өзгөчөлүктөрү жана тиричиликти камсыз кылуунун салттуу ыкмаларын, анын ичинде үй, кийим-кече, тамактануу радионун жана режимин, тамак даярдоо ыкмаларын ж.б. эске алат. Уруу-уруктарды изилдөөдө этнодемография илиминин кызыгуу чөйрөсүнө уруулаштар үчүн өч алуу, балдарды өлтүрүп салуу ж.б. салттарды эске алуу, социалдык себептери, аларды изилдөөлөр кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.