Этнопсихологиялык мектеп

Википедия дан

Этнопсихологиялык мектеп - 20-к. 30-ж. америкалык этнология илиминде калыптанган мектеп.

Америкалык тарыхый мектептин өкүлдөрү өз изилдөөлөрүндө психологиялык жана психиатрия методикаларын (усулдарын) арбын колдонушкан. Натыйжада, психологиялык антропология боюнча көптөгөн маалыматтар, булактар жыйналган. Алардын үстүнөн илимий-теориялык ой жүгүртүү аталган мектептин түзүлүшүнө алып келди.

Тарыхый мектептин өкүлдөрү үчүн маданият этнология илиминин башкы предмети катары эсептелген. Ошол эле жаңы мектептин өкүлдөрү башкы орунга инсанды коюшат. Мектептин негиздөөчүсү А. Кардинердин пикири боюнча ар бир элде анын маданиятынын өзгөчөлүгүн көрсөтө турган «негизги инсан» калыптанат.

«Негизги инсан» кандай болсо, ошол элдин маданияты жана анын өнүгүү деңгзэли ошондой. «Негизги инсан» коомдо үстөмдүк кылган орточо психологиялык тил, ал коомдун жана анын маданиятынын негизги базасын түзөт. Ошондуктан инсанды психологиялык изилдөө натыйжаларын бүтүндөй коом үчүн колдонуу толук мыйзам ченемдүү көрүнүш. «Негизги инсан» «алгачкы коомдук институциялар» (жашоо ыкмалары, үй-бүлө, тарбиялоо, социалдашуу) тарабынан балалык кезден калыптана баштайт.

Этнопсихологиялык изилдөөлөргө Рут Бенедикт бир топ салым кошкон. Анын концепциясынын негизги жобосу: ар бир элде өзүнө гана тиешелүү, муундан муунга өтүп турган жана ал элдин тарыхын аныктаган «мүнөздүн базалык структурасы» болот. Ар бир маданият ички маданий элементтердин уникалдык конфигурациясына ээ болот. Бул элементтер маданият этносу менен чогуу бириктирилген. Ар бир маданиятта өзүнө таандык инсандардын тиби бар.

Илимий-практикалык изилдөөлөр бачым эле этнопсихологиялык мектептин негизги жоболорунун жараксыз экендигин көрсөттү.

20-к. 40-50-жж. аталган мектептин изилдөөлөрүнүн башкы темасы - улуттук мүнөз болуп калды. Мында Боастын дагы бир окуучусу Маргарет Мид бир катар баалуу, ары ири эмгек сиңирген.

Этнопсихологиялык мектептин этнология илиминин өнүгүшүнө кошкон салымы:

  • - бул же тигил маданият өкүлдөрү үчүн мүнөздүү болгон психологиялык өзгөчөлүктөрдүн бар экендиги жөнүндөгү идея негизделген;
  • - коомду психологиялык жактан коргоо механизмдеринин аракетин алгачкылардан болуп көрсөтүштү;
  • - улуттук мүнөздү жана улуттук маданиятты психологиялык жактан изилдөө башталды жана улуттук мүнөз улут өкүлдөрүнүн психологиялык өзгөчөлүгүн көрсөтө тургандыгы далилденген;
  • улуттук мүнөз маданияттын ичинде баалуулуктардын же жүрүм-турум моделдерин бөлүштүрүү жана жөнгө салуу ыкмасы катары баяндоого боло тургандыгы жөнүндөгү идеяны айтышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.