Этнорасалык топ

Википедия дан

Этнорасалык топ — чогуу жашаган калктан этномаданий гана эмес, сырткы антропологиялык белгилери же расалык тиби менен да айырмаланып турган адамдардын тобу.

Бул айырмачылыкты аталган топтун мүчөлөрү ачык-айкын билишет, башка этнорасалык топтор менен өз-ара мамиледе таасири сезилет. Этнорасалык топтун бөлөк этностук жана расалык типтеги элдер жашаган аймактарга көчүп келүүнүн натыйжасында пайда болот. Чогуу жашаган калк менен тыгыз байланышууну, аралаш никенин кеңири таралышынын натыйжасында бул айырмалуу белгилер өзгөрүшү, жарым-жартылай жок болуп кетүүсү же аталган топ толук бойдон башка элдин арасында сиңип кетиши мүмкүн.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.