Этностук консолидация

Википедия дан

Этностук консолидация - (лат. consolidatio - тыгыздашуу, бекемдеө, өстүрүү) - тили, маданияты тектеш, өз алдынча этностордун же этностук топтордун бир этностук жалпылыкка биригүүсү.

Этнологияда этностор аралык жана этностук ички консолидацияны айырмалашат. Эки же бир нече өз алдынча, бирок тили, маданияты боюнча тектеш элдердин бир этноско биригүүсү этностор аралык консолидация, ал эми кандайдыр бир чоң этностун ичиндеги субэтностордун же этностук топтордун арасындагы айырмачылыктардын жоюлушунун натыйжасында ички баш кошуу «этностук ички консолидация» деп аталат.

Этностук ички консолидация жалпы этностук өзүн-өзү аңдоо сезиминин бекемделишинин натыйжасында диалектилерди, маданий, турмуш-тиричилик өзгөчөлүктөрүн жымсалдоо жолу менен жүрөт. Эки типте тең этнос же этностук топ өз алдынчалыгын жана өзүн өзгөчөлөнгөн этноско ыйгаруу сезимин жоготот. Ассимиляция сыяктуу эле этностук консолидация да эркин, ыктыярдуу же зордук менен мажбурлап ишке ашырылышы мүмкүн. Биринчисинде ал табигий түрдө, акырындык менен жүрөт жана оң натыйжаларды берет, ал эми экинчиси элдин өз тагдырын өзү чечүү эркиндигинин бузулушу, маданияттын улуттук өзүнчөлүгүн этибарга албоо менен коштолот жана жыйынтыгы терс натыйжаларга алып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.