Этностук конфликт

Википедия дан

Этностук конфликт - этностук топтордун кызыкчылыктары менен максаттарынын сыйышпастыгы же дал келбөөчүлүгүнөн келип чыккан социалдык, топтор аралык конфликттин тиби.

Конфликт тигил же бул этностук топтун башка топтор жана мамлекет менен болгон мамиледе өз абалын өзгөртүүгө умтулуудан көрүнөт. Этностук конфликт бардык этностук топтордун өз сезимине тигил же бул даражада тийиштүү болгон этноцентризм элементтеринин негизинде пайда болот. Этностук конфликттин ички булагы этностук топтун өтө маанилүү талабы катары каралган улуттук кызыкчылыктардын кагылышуусу болот. Бул кызыкчылыктардын башка этностук топтордун кызыкчылыктары менен карама-каршы келиши коркунучту сезүүгө жана аны коргоого түртөт. Ал этностук сезимдин зор эмоционалдык потенциалына жана этнос ичиндеги бардык социалдык топтордун биригишинин жеңилдигине байланыштуу өзгөчө курч болот жана кеңири кулач жаят.

Этностук конфликттин негизги себептери аймактык талаш-тартыштар, көчүү жана жашоо ордун алмаштыруу, тарыхый акыл-эс, өз тагдырын чечүүгө умтулуу, материалдык ресурстар же аларды кайра бөлүштүрүү үчүн күрөш, улут элитасынын бийликке умтулуусу, эмгектин бөлүштүрүү чөйрөсүндө этностордун конкуренциясы ж.б. болот.

Этностук конфликттин формасы боюнча төмөндөгүдөй түрлөрү бар: көмүскө, ачык, зордук-зомбулуктуу, куралдуу жана куралсыз. Максаты боюнча статустук, этнотерриториялдык, маданий-тилдик болуп ажыратылат. Этностук конфликттин масштабы боюнча локалдык (бир аймакта), регионалдык (бир географиялык аймактагы бир нече мамлекет же бир нече этностук топтор катышат), глобалдык мамлекеттердин тобунун же союздарынын ортосунда) мүнөзгө ээ болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.