Этностук маданият

Википедия дан

Этностук маданият - ачык айырмалооочу этностук мүнөзгө ээ болгон жана этносторду ажырымдоочу функцияны аткарган маданий элементердин жана стуктуралардын жыйындысы.

Ал теги бир жана чогуу чарба жүргүзгөн кишилердин маданияты. Этностук маданият эмгек куралдарын, салттарды, үрп-адаттарды, адат укугунун нормаларын, баалуулуктарды, курулуштарды, кийим-кечени, тамак-ашты, унаа каражаттарын, турак-жайды, билимдерди, диний ишенимдерди, элдик чыгармачылыктын бардык түрүн камтыйт. Ал дайыма бир географиялык аймакта жайгашат жана саясий, экологиялык, социалдык структурасы боюнча тектеш болот.

Этностук маданият адамдын курчап турган чөйрөгө байырлашуусуна багытталган коомдук ишмердигинин формаларынын көп түрдүүлүгүн чагылдырган адамзат маданиятынын локалдык көрүнүшүнүн негизги формасы болуп саналат. Этностук маданият этностун маданиятынын эң маанилүү компоненти болуп саналат. Ал эми этностун маданияты анын бардык маданий жетишкендиктеринин жыйындысын түзөт. Бул жетишкендиктер этностук маданиятка тиешелүү да же нейтралдуу да болушу мүмкүн.

Этностук маданиятка өздүк этностук маданияттан сырткары бөлөк этностук жана интерэтностук маданияттын элементтери да кирет. Бул элементтер өзүн этноско ыйгаруучулуктун, социомаданий информацияны, ишмердик тажырыйбасын муундан муунга өткөрүүнүн, этностук эс-туюмду, өзүн өзү аңдоону сактоонун негизи болуп кызмат кылат.

Азыркы глобалдашуу шарттарында этностук маданияттын структурасында эки карама-каршы процесс өнүгүп жатат. Бир жактан этностун материалдык жана рухий маданияты интернационалдашуусу, маданият элементтерин өз ара өздөштүрүү, маданий баалуулуктарды алмашуу жана байытуу жүрүп жатса, экинчи жактан этностук өзүн өзү аңдоонун күчөшү, этносторду руханий баалуулуктарынын маанисинин күчөшү, этностук өзгөчөлүктү сактоого. этностук маданияттын негизги элементтерин коргоого умтулуусу өсүп баратат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.