Этностук процесстер

Википедия дан

Этностук процесстер - этностун тарыхый өнүгүүсүндөгү өзгөрүүлөргө учурашы.

Этностук процесстердин эки тиби бар: эволюциялык жана трансформациялык. Этнос сакталып, бирок анын айрым параметрлери (тил, маданият) бир кыйла өзгөрүүгө учуроосу эволюциялык процесс деп аталат. Эгер өзгөрүүлөрдүн натыйжасында этноско ыйгаруучулук, этностук өзүн-өзү аңдоо сезими, этностун аты өзгөрсө - бул трансформациялык процесс деп аталат.

Өз кезегинде трансформациялык процесс этностук бөлүнүү жана этностук биригүү деп экиге бөлүнөт. Этностун бир нече өз алдынча этносторго бөлүнүшү, этностун бир тобунун өз алдынча этноско айланышы этностун бөлүнүү процесстерине жатат. Ал эми, түрдүү этностордун бир чоң этноско айланышы этностун биригүү процесси деп аталат. Бүтүндөй алганда, этностук процесстер адамзат тарыхый өнүгүшүнүн жалпы жүрүшү, ошондой эле жашоо өзгөчөлүктөрү жана этностордун өз ара карым-катнаш аракеттери менен шартталган. Этносту өзгөртүүчү процесстер маңызы жана этностун турмушунун тигил же бул жактарына таасир берүү даражасы боюнча өтө ар түрдүү.

Этностук тарыхтын баардык мезгилдеринде бөлүнүү да, биригүү да болуп келген. Этностук бөлүнүү процесстери өзгөчө алгачкы общиналык (жамааттык) коомдо кеңири тараган. Бул процесстин натыйжасында адам бара-бара бүт жер шаарынын жашоого мүмкүн болгон аймактарына отурукташкан. Этностун бөлүнүү процесси этнос аймагын саясий бөлүп-жаруу аркылуу да жүргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.