Эт-жүн кою

Википедия дан

Эт-жүн кою - эт-жүн багытындагы кой породасы.

Мындай койдон мыкты сапаттуу уяң жүндөн сырткары эт да алынат. Сойгондо 50% таза эт чыгат. Жүнүнүн сапатына жараша 2 топко бөлүнөт: узун жүндүү жана кыска жүндүү. Узун жүндүү Эт-жүн коюна калинин кою, куйбышев кою, линкольн кою, ромни-марш кою, түндүк кавказ кою, тянъ-шань кою ж. б., кыска жүндүүсүнө горький кою, латыш кара башыл кою, литва кара башыл кою, эстон кара башыл кою ж. б. кирет. Эт-жүн кою КМШ өлкөлөрүндө түндүк-батыш, борбордук кара топурактуу зона, Волга бою, ошондой эле Украина, Балтика боюндагы респ-лар, Түндүк Кавказ, Казакстан, Сибирь жана Орто Азия аймактарында асыралат. Тез жетилет. Жакшы багылган 4-5 айлык козуларынын салмагы 35-40 кгга жетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4