Эхолокация

Википедия дан

Эхолокация (лат. locatio - абал) - объекттин абалы чагылган толкунунун кайтып келүү убактысы аркылуу аныкталуучу ыкма.

Эгерде толкун үн түрундө болсо - үн локация, ал эми радиотолкун - радиолокация деп аталат. Эхолокацияны итал. жаратылыш изилдөөчү Л. Спалландани ачкан. Ал жарганаттар караңгы бөлмөдө эч кандай тоскоолдуксуз эркин учканын байкап, бир канча жарганаттын көздөрүн көрбөгөндөй кылып койгондо, алар көздүүлөрдөй эле учкан. Л. Спалланцанинин кесиптеши Ж. Жюрин жарганаттардын кулактарына момо тыгып койгондо, алар ар кайсы предметтерге урунуп уча албай калышкан. Мында, окумуштуулар - жарганаттар үн боюнча багыт кылаарын байкашкан. Алгачкы жолу жарганаттарда үн локациясы бар экенин 1912-ж. америкалык ойлоп табуучу X. Максим айткан. Ал жарганаттар төмөнкү жыштыктагы Эхолокация сигналды (15 Гц) канаттарынын кагуусу аркылуу пайда кылат деп болжолдогон. Ультраүн жөнүндө 1920-ж. англиялык X. Хартридж айтып чыккан. Буларды 1938-ж. америкалык биофизик Д. Гриффин жана физик Г. Пирсу биоакустиканын негизинде тастыктап, Э. терминин Гриффин сунуш кылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4