Ядролук реакторлор

Википедия дан

Ядролук реакторлор – химиялык технологияда 233U, 235U, 239Pu оор элементтер (ядролук куйуучу заттар) ядролору бөлүнүшүнүн башкарууга боло турган чынжырдуу реакцияларын ишке ашыруучу курулуш. Биринчи Я. р. 1942-ж. Э.Ферми башкаруусу алдында АКШ курулган. Я. Р. ядролук күйүүчү зат жана нейтрондор ядролук чынжырдуу реакциялар жүрүүчү ылдамдыкка чейин басаңдатуучу заттар (адатта суу, графит, оор суу) камтыган активдүү зонадан; жылуулук таратуучунун (суу, орг. суюктук, суюк металл же газ) айланышы натыйжасында бөлүнүп чыккан жылуулук энергиясын буруп кетүүнү камсыз кылуучу контур; реакторду башкаруу системасы; жумуш коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуучу бир нече функциялык системадан турат. Я. Р. тикеден-тике химиялык реакциялар жүрүшү мүмкүн. Мындай реакторлор радиациялык химиялык технологияда  g-нурларынын же эндотермиялык реакциялар жүргүзүүгө керектелүүчү жылуулук булагы катары кызмат кылат. Кубаттуу Я. р. узакка созулган нейтрондук нурдануучу трансурандык элементтер алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]