Ядро-энергиялык орнотмо

Википедия дан

Ядро-энергиялык орнотмо - ядронун бөлүнүүсүнөн алынган энергия (мис., уран изотобу) менен иштөөчү транспорт каражаты.

Ал негизинен атомоходдо колдонулат. Ядро-энергиялык орнотмо реактордо бөлүнүп чыгуучу жылуулук энергиясын механикалык же электр энергиясына өзгөртүүчү буу же газ-турбиналуу орнотмо менен жабдылган ядро реакторунан турат. Кемеде, биринчи иретте суу астында сузуүчү кайыкта пайдаланылат. Ядро-энергиялык орнотмо иштөө мезгилинде кычкылтекти талап кылбагандыктан, суу астында сүзүүчү кеменин суу астында узак убакыт болушука шарт түзөт. 1959-ж. КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу аскердик эмес Я.-э. о-луу кеме - «Ленин» атом муз жаргычы, кийинчерээк кыйла кубаттуу «Арктика» (1874), «Сибирь» (1977) атом муз жаргычтары курулган. 1960-70-ж. чет өлкөдө да аскердик эмес Я.-э. о. менен жабдылган эксперименттик транспорт кемелери «Саванна» (АКШ), «Отто Ган» (ГФР), «Муцу» (Япония) курулган. Азыркы мезгилде Ядро-энергиялык орнотмосу аба-транспорт каражаттарына (самолёт, дирижабль) жана космос кемесине да орнотулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4