Яковлев Владимир Георгиевич

Википедия дан

Яковлев Владимир Георгиевич (28.(15). 7.1915, Казахстан, азыркы Батыш Казакстан обл. - 1994, Бишкек) - биология илимдин доктору (1963), проф. (1967), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1974; корр. мүчөсү, 1954), Кыргыз ССРнин илимге эмгектин сиңирген ишмери (1972).

Кыргыз мамлекеттикпединститутун бүтүргөн (1940). КММИде ассистент (1940-42). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. СССР ИАнын Кыргыз филиалынын биохимия лабораториясынын башчысы, ошол эле мезгилде Биология институтунун окумуштуу секретары, зоология жана паразитология институтунун директорунун орун басары, директору (1946-54). Кыргыз ССР ИАнын башкы окумуштуу секретары (1954-64), 1964-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз ИАнын Биохимия жана физиология институтунун директору болуп иштеген. Биохимия боюнча адис. Эмгек Кызыл-Туу, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган. 70тен ашык илимий эмгеги, а. и. 2 монографиясы бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4