Үй шартында консервалоо

Wikipedia дан
Үй шартында консервалоо

Үй шартында консервалооазык-түлүктү бузбай көпкө сактоо максатында атайылап даярдоо.
Мында консерваланган азыктын азыктык жана биологиялык сапатын жоготпой көпкө сакталышы үчүн түрдүү ыкмалар колдонулат. Бирок бардык убакта азыктарды кылдат тазалоо зарыл, анткени консерваланган азыктын көпкө сакталышы, организм үчүн пайдасы анын сапатына жараша болот. Айрым өсүмдүктөрдү, көк-сөк, мөмө жана жемиштерди кургатып алса болот. Кургатылган азыктар кургак, салкын жерде, жыты чыкпас үчүн оозу бек идиштерде сакталат. Ным тартып калган азыктар тез бузулат (көгөрүп кетет).

Туздоо[оңдоо]

Жашылча жана жемиштерди туздоодо алардагы сүт-кычкыл микроорганизмдердин (таасири менен канты ачыйт. Ага туз, көк-сөк, сарымсак кошот, алар анын даамын жакшыртат. Кант кошулуп (60—65%ке чейин) консерваланган азыктардагы микроорганизмдерди кант жок кылып, бузулуудан сактайт. Ошондой эле кайнатуу жолу менен да айрыкча оору козгогуч микроорганизмдерди жок кылууга болот. Ал үчүн казан, чака же мискейдеги кайнап жаткан (100°) сууга жашылча (жемиш) салынган айнек идишти салып кайнатуу керек. Эгерде жашылча-жемиштерди, ошондой эле белогу көп азыктарды (эт жана балык) 100°ка чейин ысытканда андагы микроорганизмдер, анын ичинде ботулизм пайда кылуучу бактериялар сакталып калышы мүмкүн. Майга куурулган жашылча консервалардагы микроорганизмдин майдын таасири менен ысыкка чыдамдуулугу артат; мындай консерваларды кылдат даярдоо керек. Чала кайнатылган эт, балык, май кошулган жашылча консервалары өмүргө коркунучтуу ууланууга дуушар кылуусу мүмкүн (Тамак-аштан уулануу).

Кайнатуу[оңдоо]

Үй шартында 100°тан жогору кайнатууга мүмкүн болбогондуктан жашылчаны, козу карынды, эт, балык, сүт азыктарын консервалоого таптакыр тыюу салынат. Ботулизм токсиндери бар консервалар бузулганы эч билинбей эле таптаза болуп турат, ошондуктан күнөм саналган консерваларды оозу ачылгандан кийин 10—15 мин. кайнатуу керек. Жашылча-жемиштен консерваланган азыктарда бактериялардан тышкары түрдуү ачыткычтар жана кеберлер болот. Чала кайнатылган консерваларда алар көбөйүп, ачытат (капкагы атылат), азыктын өңү киргил тартып, үстү кеберленет. Мындай консерваларды 10—15 күн байкап, анынсырткы түрүнөн сапатын аныктоого болот. Бузула баштаган консерваларды дароо ачуу керек. Мөмө-жемиштен жасалган компот ачып кетсе жана кеберленсе, кеберин калпып таштап кайра кайнатып, кыям, кисель даярдоого болот. Ачкыл жыттанган, кеберленген консерваны жегенге жарабайт. Лакталбаган металл капкак менен бекитилген маринаддар жана компоттордо айрым учурда газ пайда болуп, капкагы көөп кетиши мүмкүн, бирок консерванын суюгу киргилденбейт. Микроорганизмдердин тиричилик аракетинен да капкак көтөрүлүшү ыктымал. Мындай консервалар жегенге жараксыз.

Сактоо[оңдоо]

Жашылча-жемиш консерваларын 0дөн-20°та сактоого болот. Кант кошулган консерваны + 10°тан төмөнкү температурада сактоого болбойт, анда кантка айланып катып кетет. Үй шартында даярдалган консерваларды тоңдурууга болбойт, анткени эриткенде азыктын түрү жана даамы начарлайт. Консерваны (айрыкча шире жана экстракттар) жарык жерде сактоого болбойт, андан алардын өңү өзгөрүп, ал эми ысык же өтө ным жерге сактаса капкагын дат басат.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8