Үкүбаева, Лайли

Википедия дан

Үкүбаева Лайли (1947-ж. Кочкор району) – филология илимдеринин доктору, профессор (2001). 1970-ж. КМУнун филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. “Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында мүнөз түзүү өзгөчөлүгү” – деген темада кандидаттык диссертация (1970), “Чыңгыз Айтматовдун поэтикасы жана кыргыз элдик фольклору” (2001) – деген темада докторлук диссертациясын коргогон. Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын академиги, Эл аралык Айтматов клубунун адабият, көркөм өнөр жана маданият жаатындагы эл аралык сыйлыгынын ээси (2003). Ал 70тей аталыштагы ил. изилдөөчүлүк, ил. методикалык, адабий сындагы жарыяланган эмгектердин автору. Алардын ичинде бир нече монографиялары “Чыңгыз Айтматовдун каармандарынын көркөм дүйнөсү” (1984), “Художественное мастерство раннего творчество Ч. Айтматова” (1999), “Адам дүйнөсү көркөм образда” (1994), “Азыркы кыргыз адабиятынын арымы” (1995), “Чыңгыз Айтматовдун адабий-эстетикалык көз карашы” (2000), “Чыңгыз Айтматов жана фольклор” (2000) жана “Чыңгыз Айтматов: эстетика жана улуттук негиз” (2004) аттуу монографиялары бар.

Кандидаттык диссертациянын негизинде жарык көргөн “Ч. Айтматовдун каармандарынын көркөм дүйнөсү” деп аталган биринчи китебинде Үкүбаева Ч. Айтматовдун алгачкы аңгемелеринен тартып “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” повестине чейинки чыгармаларындагы жазуучунун көркөм мүнөз түзүү чеберчилигин эволюциялык планда адабий-илимий изилдөөгө алат, адабиятчы “Мүнөз проблемасы – бул дайыма көркөм чеберчилик проблемасы” деп белгилейт. Көркөм мүнөз түзүүдө сюжеттик, композициялык элементтер жазуучу тарабынан кандай чеберчилик менен колдонулгандыгы конкреттүү мисалдардын негизинде терең тандалган. Эмгекте сюжет маселеси мүнөздү түзүүчү, уюштуруучу, ачуучу каражат катары каралат.

Үкүбаеванын кийинки “Ч. Айтматов: эстетика жана улуттук негиз” деп аталган көлөмдүү монографиясы адабиятчынын Айтматов таануу багытындагы илим жана билим берүүчүлүк көп жылдык түйшүктүү эмгегинин жыйынтыгы, жемиши. Андан залкар жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы анын макала, маектериндеги адабий-теориялык, адабий-сынчы көз караштары менен органикалык биримдикте каралып, илимий жыйынтыктар чыгарылган. Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу монографиялык изилдөөлөр жана көптөгөн макалалар Үкүбаеванын адабий изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүнүн басымдуу тарабын түзүү менен Айтматовтаануу илимине өзүнүн зор үлүшүн кошуп турат. Үкүбаев өзү эле кыргыз адабиятынын: поэзия, проза, драматургия жанрындагы өнүгүүсүнө, жаңылыктарына активдүү аралашып С. Эралиев, Н. Байтемиров, Н. Жүндүбаева, С. Акматбекованын чыгармачылыгы, кыргыз прозасынын 60–70-жылдардагы өнүгүшүн негизги тенденциялары жана башкалар маселелер туурасында, илим, илимий-методикалык жыйнактарда үзгүлтүксүз жарыялап келет. Үкүбаева жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу куралы катары сунушталган “Кыргыз акындарынын чыгармачылыгы” (1988, 1992) аттуу китепке Ы. Шайбеков, А. Жутакеев, Т. Талканбаевдин чыгармачылыгы жөнүндө портреттик бөлүмдөрдү жазган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]