Үчүкө

Википедия дан

Үчүкө, Түлкү (болжол менен 17-кылымдын экинчи жарымында жашап өтүшкөн) - кыргыздын оң канат урууларын бийлеген баатырлар.

Көбүнчө Жаңыл мырзага байланыштуу уламыштарда айтылат. Кыргыздын генеол. санжыраларында Манап бийден Сүтөй, андан Сарысейит, андан Үчүкө, Түлкү, Кудаян, Эрдене деген 4 бала болгону жана Жаңыл мырза колдуу болуп өлгөнгө чейин кыргыз элин Үчүкө, Түлкү бийлегени айтылат. Бул экөөнүн тукумунун көбү кийин кыргызды бийлеп өткөн. Үчүкөдөн Маматкул бий, андан бир туугандар Темир, Болот; Болот бийден Эсенкул баатыр, андан Ниязбек бий, андан Ормон хан; Түлкүдөн Тынай, андан Атаке баатыр, андан Карабек, андан Жантай, андан Шабдан баатырлар чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4