Өзгөчөлүктүү

Википедия дан

Өзгөчөлүктүү (Особенное) – жалпы жана жеке категорияларына ылайык келген философиялык категория. Диалектикалык логикада жалпы жана жеке бирдиктүүлүктүн карама-каршы аныктамаларга ажыроосунун бир формасы катары каралат. Аларды таанып билүүнүн зарыл шарты болуп бул карама-каршылыктардын биримдигин изилдөө эсептелет.

Өзгөчөлүктүү категориясында жалпылык менен жекеликтин биримдигинин моменти чагылдырылат. Көп учурда Өзгөчөлүктүү жалпылык менен жекечеликтин ортосундагы өтмө звено катары каралат. Мында жалпылык өз көлөмү боюнча Өзгөчөлүкдөн кеңири, ал эми Өзгөчөлүктүү өз кезегинде жекечеликтен кеңири болуп саналат. Кандайдыр бир деңгээлде сандык (көлөмдүк) даражасындагы мындай жобо тектин, түрдүн жана индивиддин формалдуу логикалык мамилелерин кайталайт. Мунун натыйжасында өзгөчөлүктүү салыштырмалуу өз алдынчалуулукка ээ категория эмес, «тигил же бул деңгээлдеги жалпылык» катары каралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]