Өзүбекова Жеңишгүл

Википедия дан
Өзүбекова Жеңишгүл
Туулган жылы:

1 -май 1955(1955-05-01) (68 жаш)

Туулган жери:

Тору-Айгыр айылы, Ысык-Көл району, Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

драматург, театр артисти, акын, тележурналист, продюсер, сценарист

Жарандыгы:

СССР желеги СССР
 Кыргызстан

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти

Өзүбекова, Жеңишгүлдраматург, театр артисти , акын, тележурналист, продюсер, сценарист.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өзүбекова Жеңишгүл 1971-жылы Бишкектеги №5-орто мектебин, 1978-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз филология факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1972-жылы Кыргыз Мамлекеттик драма театрында актриса болуп иштөөдөн баштаган.
Кийин Кыргыз телерадиокомпаниясында диктор, Киров райондук элдик театрында режиссер, Кыргыз улуттук телерадиокоропорациясында «Кыргызсериал» студиясында башкы редактор болуп иштеген.
Мектепте окуп жүргөндө эле чыгармачылыкка аралашып, ырлары, новеллалары күндөлүк гезит-журналдарга чыгып, телерадиодон уктурулган.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи ырлар жыйнагы 1987-жылы «Жан сырым» деген ат менен жарык көргөн.
20дан ашуун пьесанын автору.
Алгачкы чыгармасы «Кыял» (мелодрама) 1988-жылы Нарын театрында
«Апамдын махабаты» 1989-жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Мамлекеттик академиялык драма театрында (режиссеру Ж.Сейдакматова)
Нооруз майрамында «Жылдын эң мыкты спектакли» деген наам алган «Карагыз» трагедиясы 1990-жылы «Тунгуч» Жаштар театрында (режиссеру А.Сарлыкбеков)
«Күйөө сатам» комедиясы 1997-жылы «Тунгуч» театрында (режиссеру Н.Абдыкадыров)
«Толгоо» психологиялык драмасы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Мамлекеттик академиялык драма театрында (режиссеру З.Сооронбаев) коюлган.
Драмалары башка тилдерге которулуп, Казакстандын Өскемен (Усть-Каменогорск) драма театры «Толгоо» драмасын
Тажикстан академиялык драма театры «Тозок» драмаларын сахналаштырган.
Кыргыз улуттук телерадиокоропорациясында тартылган алгачкы кыргыз сериалдарынын негиздөөчүсү.
«Ак босого» аттуу автордук берүүсүндө гендердик тема-тикага байланыштуу көйгөйлөрдү чагылдырган.
2004-жылы Ялтада өткөн эл аралык телекинофестивалда «Карагыз» толук метраждуу көркөм фильми үчүн Гран При сыйлыгынын жеңүүчүсү болуп
2009-жылы Москвада өткөн эл аралык детективдик фильмдердин фестивалында «Каражолтой» телесериалы үчүн атайын сыйлык жана диплом менен сыйланган.
1999-жылы «Апамдын махабаты» деген ат менен ырлар жана драмалар жыйнагы жарык көрүп, ал жыйнак үчүн Кыргыз Республикасынын жаштар сыйлыгына татыктуу болгон.
2000-жылы Кыргызстан жаштар сыйлыгы, 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде
Жаш сырым: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 40 б.
Апамдын махабаты: Ырлар драмалар жыйнагы. – Б.: Учкун, 1999. – 271 б.

Сериалдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Чиркин өмүр» (40 серия), продюсер.
  • «Апамдын махабаты» (20 серия) продюсер, сценарийдин автору.
  • «Карагыз» Толук метраждуу көркөм фильм, сценарийдин автору.
  • «Тор» (3 серия), продюсер.
  • «Каражолтой» (5 серия), продюсер.
  • «Кууш жолдо» (5 серия), продюсер.
  • «Сезимде калган издер» (4 серия).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары. Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6

Интернет шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]