Өз ара аракеттенишүү (физика)

Википедия дан

Өз ара аракеттенишүү (физика) - нерселердин жана бөлүкчөлөрдүн кыймыл абалын өзгөртүүчү өз ара аракеттешүүсү. Ньютон механикасында нерселердин аракеттенишүүсү сан жагынан күч аркылуу туюнтулат. Өз ара аракеттенишүүнү потенциалдык энергия мүнөздөйт. Өз ара аракеттенишүүнү камсыз кылган талаа электр-магнит талаасы деп аталат. Өз ара аракеттенишүү бөлүкчөлөрдүн ортосундагы фотон алмашуунун натыйжасы. Анын негизги 4 түрү бар:гравитациялык, начар, электр-магниттик жана күчтүү. Гравитациялык өз ара аракеттенишүү бардык Өз ара аракеттенишүүлөрдүн эң начары. Микропроцесстерде гравитациялык туруктуулук 0=6,672-10 пН-м2-кг 2менен мүнөздөлөт. Өтө күчтүү гравитациялык талаада жаңы бөлүкчөлөрдү пайда кылган кванттык процесс жүрөт. Анын теориясы А. Эйнштейндин жалпы салыштырмалуулук теориясында каралат. Начар өз ара аракеттенишүү элементардык бөлүкчөлөрдүн ортосундагы (фотондон башкасы) аракеттенишүү. Алардын аракеттениш радиусу 2-10 16 см. Ал көптөгөн элементардык бөлүкчөлөрдүн ажырашын, нейтринонун зат менен өз ара аракеттенишин ж. б. пайда кылат. Начар Ө. а. а-нүн чоңдугу жана аракеттениши аз болгондугуна карабай жаратылышта маанилүү роль ойнойт. Ага негизделген кеңири жайылган процесс p-ажыроо болуп эсептелет. Электр-магниттик өз ара аракеттенишүү электр-магнит талаалары катышуу менен мүнөздөлүүчү аракеттенишүү. Анын жардамы менен заттын атомундагы жана молекуласындагы он заряддалган ядролордун жана терс заряддалган электрондордун өз ара аракеттенишүүлөрү ишке ашырылат жана ал микросистемалардын туруктуу абалынын мүмкүндүгүн аныктайт. Заттын түрдүү агрегаттык абалынын касиеттери, химиялык айлануулар, оптикалык кубулуштар электр-магниттик өз ара аракеттенишүү аркылуу аныкталат. Өлчөмү электрондун зарядынын чоңдугу аркылуу туюнтулат. Күчтүү өз ара аракеттенишүү — адрондордун ортосундагы аракеттенипгүү. Адрондор кварктардан турат. Алардын беш тиби белгилүү (U, d, S, С, Ь). Күчтүү өз ара аракеттенишүүнүн радиусу г~10 13 см. Ал жогорку энергиялуу ядролордун же нуклондордун кагылышында көп сандагы ядролук реакцияга алып келет. Кванттык хромодинамиканын закон ченемине баш иет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]