Өз ара байланыш (философия)
Өз ара байланыш – дүйнөдөгү ар бир предмет, ар бир көрүнүш башка предметтер жана кубулуштар менен байланыштары, өтмө катар чырмалышкан, бири-бирине көз карандылыгын, алардын шарттарын туюндурган объективдүү дүйнөнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүгү. Өз ара байланыш түшүнүгү илимдин эң маанилүү түшүнүктөрүнөн, анткени алардын таанып-билүүсү эң оболу туруктуу жана зарыл иликтөөдөн башталат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8